Monthly archives: June, 2013

Сурамжылоо жүрүп жатат

Биз Журналистика мектебинде бул кесипти ийгиликтүү аркалаш үчүн керек болгон билимдерди сунуштоону көздөп келебиз. Окутууларды аныктоодо биринчи кезекте сиздин муктаждыктарга таянмакчыбыз. Ушуга байланыштуу сурамжылоо өткөрүп жатабыз. Биздин сурообуз бирөө эле: КАЙСЫ ОКУТУУЛАРГА МУКТАЖДЫК БАР СИЗДЕ? Бул сурамжылоо Мектептин Фейсбуктагы баракчасында уюштурулууда. Катышкыла.

Көбүрөөк – арзаныраак

Бул кабар биздин мектептеги курстардын бир сабагына эмес, көбүрөөгүнө катышкысы келгендерди кубандырат болушу керек. Канчалык көп сабакка жазылсаңар,  ар-бир сабактын баасы ошончолук арзандатылмакчы. Мисалы, 1 сабактын баасы 300 сом болсо, 2 сабактын баасы эми 500 сом болот, ал эми 3 сабактыкы – 700 сом. Бул 3 сабакка чейинки курстарга тиешелүү. Азырынча биздин мектепте төмөнкү курстар …

Журналистика мектебиндеги алгачкы окутуулар

Журналисттик кесип такай жаңы нерсеге үйрөнүп, жаңы билим алып, кесиптик деңгээлин жогорулатып турууну талап кылат. Кеминде дегенде журналист катары өскүсү келгендерге. Бирок Кыргызстанда бул жааттагы окутуулар башаламан өткөрүлүп жаткандай мамиле калтырат. Буга ар кайсы уюмдар мезгил талабы боюнча өз түшүнүгүнө, тапкан донордук каражаттарына жараша окутууларды уюштуруп жатканына байланыштуу. Кээ бирде эки башка уюм бир учурда …