Monthly archives: March, 2014

WordPressте блог ачып иштеткиси келгендер үчүн тренинг

Бүгүн интернетте өзүнүн сайтын же блогун ачкысы келгендердин саны улам өсүп барат. Сайт – бул жашоодогу көрүнүштөр боюнча ойлоруң, же чыгармачылыгың (ырларбы, сүрөтбү) менен кеңири журтчулук менен бөлүшкөнгө жакшы шарт түзүп берет. Бирок мындайда сайтты каякта ачсам, аны ачыш үчүн эмне кылыш керек, материалдарды кантип жайгаштырам деген ж.б.д.у.с. көптөгөн суроолор пайда болот. Мен WordPress мазмун …

Теле журналистиканын негиздери боюнча кезектеги курска кабыл алуу жүрүп жатат

Белгилүү тележурналист, бир нече телевизиондук программалардын, атайын репортаж программасынын автору жана продюсери Марс Тулегенов жакынкы күндөрдө баштала турган “Теле журналистиканын негиздери” боюнча кезектеги курсуна окуучуларды кабыл алып жатат. Курстан сиздер, тележурналистиканын негиздери менен таанышасыздар. Телевизиондук сюжет кандай даярдалат, аны даярдоодо кандай эрежелерди сактоо керек, эмнелерге басым жасоо керек, канткенде сиздин сюжетиңиз кызыктуу болот? Бул суроолорго жоопторду курстан таба аласыздар! …