WordPressте блог ачып иштеткиси келгендер үчүн тренинг

wordpress

Бүгүн интернетте өзүнүн сайтын же блогун ачкысы келгендердин саны улам өсүп барат. Сайт – бул жашоодогу көрүнүштөр боюнча ойлоруң, же чыгармачылыгың (ырларбы, сүрөтбү) менен кеңири журтчулук менен бөлүшкөнгө жакшы шарт түзүп берет. Бирок мындайда сайтты каякта ачсам, аны ачыш үчүн эмне кылыш керек, материалдарды кантип жайгаштырам деген ж.б.д.у.с. көптөгөн суроолор пайда болот.

Мен WordPress мазмун башкаруу системасын (СМS) сунуштайм.

Биринчиден, бул дүйнөдө эн кеңири колдонулган блогдук платформа – ар бир алтынчы сайт же блог ушул системада иштейт. Эгер ал начар болсо, мынчалык көп адамдар ага ишенип, аны колдонбойт эле.

Экинчиден, аны колдонгонду бат эле үйрөнүп кетсе болот, б.а. материалдарды жайгаштыруу салыштырмалуу жөнөкөй. WordPressтин мүмкүнчүлүктөрү өтө кенен, анын бардыгын өздөштүрүп колдонуу көп убакытты талап кылат. Бирок тексттерди, сүрөттөрдү, видео жана аудио файлдарды туура жайгаштырганды үйрөнүш үчүн ашып кетсе 1-2 күн талап кылынат.

Үчүнчүдөн, мен жогоруда айткандай, WordPressтин мүмкүнчүлүктөрү өтө кенен, ошого байланыштуу каалаган оордуктагы сайтты же блогду жасаса болот. Ошондой эле миңдеген адам сайттын сырткы келбети (темалар) боюнча иш алып баргандыктан, бир-бирине окшош эмес каалаган кооздуктагы сайтты жасап алуу жеңил.

Төртүнчүдөн, акысыз сайт ачууга мүмкүнчүлүк берген WordPressтин негизинде иштеген толтура блог-платформалар бар. Кыргызстанда эле – бул Клооп жана Журналисттер. Демек, акча коротпостон каалаган адам өзүнө жаккан сайт ача алат. Эми акысыз блог платформаларда өз чектөөлөрү бар дечи, бирок блогду ачып аны менен жаңыдан иштей баштаган адамдар бул чектөөлөрдү көп деле байкабайт.

Өзүңөргө жаккан блогду ачып, материалды жайгаштырганга үйрөнүш үчүн, менин та;рыйбам көрсөткөндөй, 6 саат жетиштүү (3 сааттан 2 күн).

Ким “WordPressте блог ачып иштетүү” окутуусуна кызыкса бул телефон жана электрондук почта аркылуу менен байланышыңыздар: 0772 55-10-83, tokoevm@gmail.com.

Эскерте кетейин – окутуу акылуу – 500 сом.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *