Кыргыз тилдүү журналистиканын стилистикасы боюнча курс. “Акыркы жылдары кыргыз тилиндеги басылмаларда келегей сүйлөмдөр, түшүнүксүз сөз айкалыштары, ыгы жок салыштыруулар көп кездешип жатканы эч кимге жашыруун эмес. Жазылган материалдардын арасында окурмандар оңой менен кабылдай албай тургандары толтура. Материаларды окуй келгенде көпчүлүк авторлор кыргызча эмес, орусча ой жүгүрткөндөй, башка тилдерден которгондой таасир калтырат. Кыргыз басылмаларындагы маалыматтар, макалалар көп окулбай жатканына алардын нукура элдик тилден алыстап, окурманды чоочун стиль менен кыйнаганы да себеп болсо керек”, — дейт курстун окутуучусу Ж.Касаболотов.
Окутуу эки сабактан турат.
1-сабактын темалары:
- Сүйлөмдүн грамматикасы так сакталышына көз салгыла
- Сөздүн ыгы
- Кыргыздын төл сөздөрү
- Өөн учураган өгөй сөздөр
- Жөнөкөй сүйлөмдөрдүн артыкчылыгы
- Макал-лакаптарды колдонуунун ыгы
- Расмий сөздөр тууралуу. Каймана сөздүн мааниси
- Чоочун түшүнүктөр
- Чоочун салыштыруулар жакшы сиңбейт
- Аңыз кептердин мааниси. Тилди бузган сөздөр
Узактыгы: жарым күн (4 саат)
Окутуунун акысы: 1 сабак – 300 сом, 2 сабак – 500 сом.
[…] ЖАЗГАНЫБЫЗ ЖАКШЫ ОКУЛСУН ДЕСЕК (окутуучу Жыргалбек Касаболотов) […]
[…] ЖАЗГАНЫБЫЗ ЖАКШЫ ОКУЛСУН ДЕСЕК (окутуучу Жыргалбек Касаболотов) […]
[…] ЖАЗГАНЫБЫЗ ЖАКШЫ ОКУЛСУН ДЕСЕК (окутуучу Жыргалбек Касаболотов) « Журналистика мектебиндеги алгачкы окутуулар […]
бул курс кайсыл даректе өтөт жана кайсыл учурларда?