Мектеп тууралуу

Журналистика мектеби «Журналисттер» коомдук бирикмесинин алдында иш алып барат. Мектептин максаты – кыргызстандык журналистиканын кесипкөйлүгүн жогорулатуу.

Мектепте учурдагы журналистикадагы талаптарга ылайык жаңы билимдер боюнча окутуулар такай негизде уюштурулуп турмакчы. Окутуулардын тематикасын аныктоодо журналисттердин суроо-талаптарына басым кылабыз. Бул максатта сайтыбызда маал-маалы менен сурамжылоо жүргүзүлүп турат.

Сабактар кыргыз жана орус тилинде уюштурулат. Андыктан Мектептин орус тилдүү да баракчасы бар.

Бул мектеп донорлук жардамсыз уюштурулуп жаткандыктан окутуулар акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. Бизди туура түшүнөсүңөр го деген тилектебиз. Анткени, чогултулган каражат окутууларды уюштуруу үчүн кеткен чыгымдарды жабууга жана аздан болсо да тренерлердин эмгек акысын төлөп берүүгө жумшалмакчы.

Акы төлөмдүн өлчөмү окутуунун тематикасына, анын узактыгына байланыштуу. Бирок окуучуларыбыздын көбү үчүн капчыгына анчалык деле күч келтирбейт болуш керек деген ойдобуз.

Сабактар “Журналисттер” КБнын кеңсесинде (Курманжан Датка көч. 144/3) өтөт.

Comments 2

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *