Журналистика мектебиндеги алгачкы окутуулар

Журналисттик кесип такай жаңы нерсеге үйрөнүп, жаңы билим алып, кесиптик деңгээлин жогорулатып турууну талап кылат. Кеминде дегенде журналист катары өскүсү келгендерге. Бирок Кыргызстанда бул жааттагы окутуулар башаламан өткөрүлүп жаткандай мамиле калтырат. Буга ар кайсы уюмдар мезгил талабы боюнча өз түшүнүгүнө, тапкан донордук каражаттарына жараша окутууларды уюштуруп жатканына байланыштуу. Кээ бирде эки башка уюм бир учурда окшош окутууларды өткөрүп калганы кездешет. Ар кайсы окутуулар ар-кайсы жерлерде уюштурулуп турганы да журналисттерди алагды кылат.

Учурда туруктуу иштеген Журналистика мектептерин ачып, аны алып баруу аракеттери жасалып жатат. Буга “ММКны колдоо борборунун”, Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жана КЛООП порталынын окутуулары күбө.

Биз да ушундай мектепти ачууга, анын ишин жөнгө салууга көптөн бери аракет кылып келебиз. IMS уюмунун, АКШ элчилигинин алдындагы Демкомиссиянын колдоосунда ушундай мектепти эки жыл иштетип келдик. Бирок гранттык каржылоо токтогондуктан мектептин иш алып баруусу да токтоп калган эле. Ошол эле учурда мындай Мектептен билим алууга муктаждык дагы эле чоң. Бизге көп кайрылышат, дагы да окутууларды өткөрөбүзбү деп. Бул бизди кубантат. Демек, окутууларыбыз журналисттер үчүн пайдалуу болгон экен. Демек бизге ишеним бар.

Каражат жок деп отура бербей өзүбүздүн күчүбүз менен Журналистика мектебин жанданталы деп чечтик. Бирок гранттык каражттар жок болгондуктан, бул окутуулар акы төлөөнүн негизинде жүргүзүлмөкчү (1 курс 300 сом).

Азырынча биз эки курсту сунуштап жатабыз:

БЛОГ АЛЫП БАРУУ (окутуучу Марат Токоев)

ЖАЗГАНЫБЫЗ ЖАКШЫ ОКУЛСУН ДЕСЕК (окутуучу Жыргалбек Касаболотов)

Аларды 10-14-июнь аралыгында өткөрүүнү пландаштырдык.

Катышкыла. Жазылгыла

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *