Блог ачып, аны иштеткиси келгендер үчүн сабактар 3 өз алдынча курстан турат. Ар-бир адам каалоосуна жана блогду алып баруу тажрыйбасына жараша керектүү сабакка жазыла алат.
Окутуучу: Марат Токоев
1. Блог ачуу
1.1. Блог ачаардын алдында эмнени чечип алыш керек?
1.2. Блог платформасын тандоо
1.3. Блогду каттоо (WordPressтин негизинде)
1.4. Блогду баштапкы жасалгалоо: баштапкы ырастоо, блогдун аталышы, барактар, рубрикалар, меткалар, виджеттер
1.5. Эсептегич
Узактыгы: жарым күн (4 саат)
2. Блогдун мазмуну
2.1. Блогго чыгарыла турган макалаларга талаптар
2.2. Материалды блогго чыгарардын алдында иштеп чыгуу
2.3. Материалды жайгаштыруу
2.4. Материалдардын чыгышын пландаштыруу
2.5. Сүрөттү коюу
2.6. Видео (аудио) файлдарды жайгаштыруу
Узактыгы: жарым күн (4 саат)
3. Блогду жылдыруу, окурмандардын санын өстүрүү
3.1. Соц тармактарды колдонуу
3.2. Пикир жазуу
3.3. Блогдун күзгүсү
3.4. Таркатмаларды уюштуруу
3.5. Баннерлер менен алмашуу
Узактыгы: жарым күн (4 саат)
Окутуунун акысы: 1 сабак – 300 сом, 2 сабак – 500 сом, 3 сабак – 700 сом.
[…] БЛОГ АЛЫП БАРУУ (окутуучу Марат Токоев) […]
[…] БЛОГ АЛЫП БАРУУ (окутуучу Марат Токоев) […]
[…] БЛОГ АЛЫП БАРУУ (окутуучу Марат Токоев) […]
[…] эмне үйрөтүлөт, бул тууралуу кененирээк маалыматты бул жерден […]
Gulzar!!!
Ысмыңызды жазганыңыз – сизди бул курска жазып койула дегениңерби?
Блок ачууга Отунуч кат кетпей жатат менден эмне себептен мындай болуп атат?
Блог ачууга өтүнүчтү бул беттен жиберип жатасыңабы? http://journalist.kg/kg/blog-request/
Андагы бардык терезечелерди толтуруп чыгыш керек:
– Аты-жөнүңүз
– Электрондук почтаңыздын дареги
– Блогуңуздун аталышы (мисалы, бул сайттыкы “Журналистика мектеби”)
– Сиз каалаган субдомендик ысымдардын бир канча түрүн сунуштагыла (мисалы, бул сайттын субдомендик ысымы – kg-school). Сиз danebek деген субдомендик ысымды алсаңыз болот. Анда сайтыңыздын (блогдун) дареги мындай болот: http://danebek.journalist.kg
– Катты жиберердин алдында “Жиберүү” (“Отправить”) деген баскычтын үстүндөгү сүрөттө көрсөтүлгөн тамгаларды жазыш керек. Болбосо кат жиберилбейт. Бул коопсуздук үчүн көрүлгөн аракет. Бул тамгалар сиз интернет-робот эмес экениңерди тастыктайт.