“Кабар жазуу ыкмасы” жана “Аналитикалык макала жазуу ыкмасы” тренингдерине жазылуу башталды

ЖУРНАЛИСТИКА МЕКТЕБИ Калемин курчуткусу келген жаш журналисттерди жана студенттерди “КАБАР ЖАЗУУ ЫКМАСЫ” жана “АНАЛИТИКАЛЫК МАКАЛА ЖАЗУУ ЫКМАСЫ” тренингдерине чакырат! “КАБАР ЖАЗУУ ЫКМАСЫ”тренингде ЖАӉЫЛЫКТЫ: √ оригиналдуу берүү ыкмасын; √ жатык тилде жазуу ыкмасын; √ маалыматтарды иргөө ыкмасын үйрөнөсүз. Күнү: 2015-ж. 9-11-13-июнь. Сааты: 18:00-20:00 Жазылуу үчүн 0700-800-674 телефон номуруна чалыӊыз! Тренер: Гүлзада Станалиева Тренингдин ПРОГРАММАСЫ менен бул …

Айнура Кабатай кызынан кеп техникасы боюнча курска жазылуу башталды

Аудиторияны ынандыруу үчүн сиздин ЭМНЕ гана эмес КАНТИП сүйлɵгɵнуңуз да маанилүү. Белгилүү алып баруучу, педагог АЙНУРА КАБАТАЙ кызы жана «Журналистика мектеби» кеп техникасы боюнча курстарга чакырат: сүйлɵɵ учурундагы дем алуу үн дикция артикуляция интонация текстти логикалык окуунун эрежелери кыргыз тилинин орфоэпиясы орус тилинин орфоэпиясы Мындан тышкары курстардын программасында: телекамера алдында иштɵɵ эл алдында чыгып сүйлɵɵдɵгү …

WordPressте блог ачып иштеткиси келгендер үчүн тренинг

Бүгүн интернетте өзүнүн сайтын же блогун ачкысы келгендердин саны улам өсүп барат. Сайт – бул жашоодогу көрүнүштөр боюнча ойлоруң, же чыгармачылыгың (ырларбы, сүрөтбү) менен кеңири журтчулук менен бөлүшкөнгө жакшы шарт түзүп берет. Бирок мындайда сайтты каякта ачсам, аны ачыш үчүн эмне кылыш керек, материалдарды кантип жайгаштырам деген ж.б.д.у.с. көптөгөн суроолор пайда болот. Мен WordPress мазмун …

Теле журналистиканын негиздери боюнча кезектеги курска кабыл алуу жүрүп жатат

Белгилүү тележурналист, бир нече телевизиондук программалардын, атайын репортаж программасынын автору жана продюсери Марс Тулегенов жакынкы күндөрдө баштала турган “Теле журналистиканын негиздери” боюнча кезектеги курсуна окуучуларды кабыл алып жатат. Курстан сиздер, тележурналистиканын негиздери менен таанышасыздар. Телевизиондук сюжет кандай даярдалат, аны даярдоодо кандай эрежелерди сактоо керек, эмнелерге басым жасоо керек, канткенде сиздин сюжетиңиз кызыктуу болот? Бул суроолорго жоопторду курстан таба аласыздар! …

1-мартта сайтка киргендердин санын өстүрүү боюнча тренинг өтөт

1-мартта “Журналистика мектебинде” сайттын окурмандарынын санын өстүрүү боюнча тренинг өтөт. Ага негизинен салттуу ЖМКлардын өкүлдөрү катышат. Катышуучулар сынактын негизинде аныкталды. Бул окутууда конвергенттик редакцияга өтүү жолдоруна жана социалдык тармактар менен иштөө ыкмаларына басым кылынат. Окутуучу тренерлер катары өз тармагында белгилүү адистер чакырылды: Алмаз Исманов жана Сабина Рейнгольд. Алмаз Исманов орус тилинде жазган таанымал журналисттердин бири. …

“Тележурналистиканын” негиздери боюнча курс аяктады

18-февралда “Журналистика” мектебинде белгилүү телеружналист Марс Тулегенов окутуучулук кылган “Тележурналистиканын негиздери” боюнча курс соңуна чыкты. 15 күндүк окутууда бүтүрүүчүлөр тележурналистканын негиздери боюнча теориялык билим гана албастан, аны практикалык иштин алкагында беките алышты. Курстун ар-бир окуучусу чакан сюжеттен даярдашты. Төмөндөн окутуудагы айрым көрүнүштөр менен тааныша аласыздар.

Теле журналистиканын негиздери боюнча курс өтөт

Телевизиондук сюжет, кеӊири-репортаж, атайын репортаж ж.б. берүүлөрдү даярдоонун тартиптерин билүүнү каалаган улан-кыздар, дегеле каалочулар болсо, анда сизди 15 күндүк окутууга чакырабыз. Окутуу күнүнө 3 сааттан өтүп турат. Бул жактан сиздер, тележурналистиканын негизги ыкмаларын аласыз. Телевизиондук сюжет кандай даярдалат, аны даярдоодо кандай эрежелерди сактоо керек, эмнелерге басым жасоо керек, канткенде сиздин сюжетиңиз кызыктуу болот? Бул суроолорго жоопту …

Сайты жок ЖМКларга сайт ачып беребиз

Учурда “Журналисттер” коомдук бирикмеси “ЖМКларга колдоо көрсөтүү” коомдук фондусу менен биргеликте Кыргызстандык ЖМКлардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында сайты жок ЖМКларга сайт ачып берип, интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу боюнча окутууларды жүргүзүүдө. Каалоо билдирген ЖМКларга алардын сайты бекер жасалып берилип, кызматкерлери сайт жана социалдык тармактар менен иштөө жолдоруна үйрөтүлөт. Мындай окутуулар Ош жана Каракол шаарларында өткөрүлүп бир катар ЖМКлардын …

Сурамжылоо жүрүп жатат

Биз Журналистика мектебинде бул кесипти ийгиликтүү аркалаш үчүн керек болгон билимдерди сунуштоону көздөп келебиз. Окутууларды аныктоодо биринчи кезекте сиздин муктаждыктарга таянмакчыбыз. Ушуга байланыштуу сурамжылоо өткөрүп жатабыз. Биздин сурообуз бирөө эле: КАЙСЫ ОКУТУУЛАРГА МУКТАЖДЫК БАР СИЗДЕ? Бул сурамжылоо Мектептин Фейсбуктагы баракчасында уюштурулууда. Катышкыла.