1-мартта сайтка киргендердин санын өстүрүү боюнча тренинг өтөт

1-мартта “Журналистика мектебинде” сайттын окурмандарынын санын өстүрүү боюнча тренинг өтөт. Ага негизинен салттуу ЖМКлардын өкүлдөрү катышат. Катышуучулар сынактын негизинде аныкталды.

Бул окутууда конвергенттик редакцияга өтүү жолдоруна жана социалдык тармактар менен иштөө ыкмаларына басым кылынат. Окутуучу тренерлер катары өз тармагында белгилүү адистер чакырылды: Алмаз Исманов жана Сабина Рейнгольд.

almaz_ismanov1

Алмаз Исманов орус тилинде жазган таанымал журналисттердин бири. Учурда ал Кыргызстанда алгачкылардан болуп конвергенттик редакцияга өтүп, бул жакта бир топ жемиштүү иштеп келген “Азаттык” радиосунда эмгектенет.

sabina

Сабина Рейгольд социалдык тармактарда иштөө боюнча белгилүү адис. Өз кезинде кыска убакыттын ичинде окурмандарынын санын кескин көбөйтө алган “Вечерний Бишкек” гезитинин интернет-редакциясында SMM менеджер болуп эмгектенген.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *